Подключиться

Жаӊылыктар

Абоненттерге кайрылуу

Абоненттерге кайрылуу

Урматтуу абоненттер, достор!

Бизге байланыштуу болбогон жагдайлардан улам, 2022-жылдын 21-ноябрынан 18-декабрына чейин «УТРК» жана «УТРК-Спорт» телеканалдарынын көрсөтүүсүндө тыныгуулар болушу мүмкүн. Мындан улам телекөрүүчүлөрүбүздөн кечирим сурайбыз.  
Буга чейин жаңылык интернет-булактарында УТРК мамлекеттик телеканалы «Футбол боюнча FIFA World cup Quatar-2022 дүйнөлүк чемпионатынын» трансляциясына эксклюзивдүү укук ээси болгондугу жана матчтарды «УТРК» менен «УТРК-Спорт» телеканалдары аркылуу түз эфирден көрүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө жаңылыктар чыккан.  Башка бардык интернет-провайдерлер сыяктуу эле, биздин Компания дагы «Акнет» ЖЧКсынан өзүнүн трансляциянын бөтөнчө укук ээси экендиги тууралуу билдирме алган.

Биз, өз кезегинде, аракеттердин укуктуулугу жана «Акнет» ЖЧКсынын телеберүүнү башка операторлордун IPTV түйүндөрүнөн токтотуу боюнча талабы туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, жана УТРК Коомдук телерадио корпорациясы  «УТРК» жана «УТРК-Спорт» телеканалдарынан түз алып көрсөтүүнү чектебейт жана жалпы кыргызстандыктардын Чемпионатты көрүүсүнө мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөбүз.
Оставьте заявку на подключение

Заявка на подключение

Бардык талаалар толтурулган эмес

Кызматты танда :
close icon